Жаңы Зеландиянын коомдук радиосу кечирим сурады

RNZ компаниясынын аткаруучу директору (CEO) Пол Томпсон, өзү катышкан телепрограммада «орусиячыл сандырактарга» орун берилишинин кечирилгис жана катуу капа болгонун айтып, украин элинен жана окурмандарынан кечирим сурады.

1999004
Жаңы Зеландиянын коомдук радиосу кечирим сурады

Жаңы Зеландиянын коомдук радиосу (RNZ) Орусия-Украина согушун чагылдырууда «орусиячыл пропаганда» жасады деген айыптоо үчүн кечирим сурады.

RNZ компаниясынын аткаруучу директору (CEO) Пол Томпсон, өзү катышкан телепрограммада «орусиячыл сандырактарга» орун берилишинин кечирилгис жана катуу капа болгонун айтып, украин элинен жана окурмандарынан кечирим сурады.

Британиянын Рейтер агенттигине таянуу менен бир жылдан ашык убакыт мурда жарыяланган кабар радиодо иштеген кызматкер тарабынан «Орусия пропагандасын» камтыгыдай түрдө өзгөртүлгөнү аныкталды.

Өлкөнүн эң көп окулган веб-сайтында Эл аралык коомчулукта мыйзамдуу болуп саналбаган Крымдагы плебисцит мыйзамдуу болгон сыяктуу таасир калтырган «Орусия референдумдан кийин Крымды аннексиялады», «неонацисттер Орусиянын чек арасына коркунуч жаратты» сыяктуу «орусиячыл» деп табылган билдирүүлөрү реакцияларды жаратты.

Томпсон каталары бар 16 макала оңдоолор жана редактордун эскертүүсү менен веб-сайтта кайра басылып чыкканын билдирди.

«Окуя таң калтырганын» баса белгилеген Томпсон, мекемеде кабардын кандайча өзгөргөнүн түшүнүү үчүн тергөөнүн уланып жатканын айтты.

Томпсон белгилегендей, 9-июндан бери 250 жаңылык соттук экспертизадан өткөн жана дагы миңдеген кабарлар текшерилет.

Сөз болуп жаткан кызматкер тергөө аяктаганга чейин эмгек өргүүсүндө болот.

Жаңы Зеландиянын мурунку премьер-министрлеринин бири Хелен Кларк Твиттердеги билдирүүсүндө коомдук телерадиокомпаниядан көбүрөөк жоопкерчилик күтөрүн билдирди.

Кларк радио кызматкеринин кабардын мазмунун жетекчи байкабастан өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн «редакциялык көзөмөл жетишсиз» деп сындады.



Тектеш кабарлар