Мексикада куралдуу кол салуу: 10 киши каза тапты

Кичиавтобус менен аянтка барган куралчан кишилер туш келди ок чыгарты.

1989064
Мексикада куралдуу кол салуу: 10 киши каза тапты

Мексиканын түндүгүндө off-road жарыштары өтүп жаткан аянттагы куралдуу кол салууда 10 киши каза болду.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Бажа Калифорния облусуна караштуу Энсенада шаарында off-road жарыштары өтүп жаткан аянтка куралдуу кол салуу жасалды.

Кичиавтобус менен аянтка барган куралчан кишилер туш келди ок чыгарып, 10 адам каза тапты, көп санадаган адамдар да жараланды.

Окуя болгон жерге жөнөтүлгөн медициналык топтор жаракат алгандарга биринчи жардам көрсөтүп жатканда, полиция болсо аймакты коопсуздук курчоосуна алды.

Энсенада шаарынын мэри Армандо Аяла Роблес өз билдирүүсүндө окуяга терең кайгырганын билдирип: «Мамлекеттик прокуратура жана федералдык полиция бардык керектүү маалыматтар үчүн биргелешип иш алып барууда. Күнөөлүүлөр сот алдында жооп беришет»,- деди.



Тектеш кабарлар