Сауд Арабия Суданга жардам

Король Салман Жардам берүү жана гуманитардык иштер борборунун башчысы Абдуллах бин Абдулазиз эр-Рабиага маалымат берди.

1983793
Сауд Арабия Суданга жардам

Сауд Арабия Суданга 100 миллион долларлык гуманитардык жардамдан тышкары, жаңжалдан жабыркагандар үчүн расмий платформада каражат чогултуу акциясын уюштура турганын билдирди.

Сауд Арабиянын расмий SPA агенттигинин кабарына караганда, Король Салман Жардам жана гуманитардык иштер борборунун башчысы Абдуллах бин Абдулазиз эр-Рабиага маалымат берди.

Рабиянын билдирүүсүнө караганда, Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдулазиз менен мураскор принц Мухаммед бин Салман, Жардам жана гуманитардык иштер борборуна «Суданга 100 миллион долларлык ар кандай гуманитардык жардам көрсөтүүнү» тапшырды.

Король Салман жана мураскор ханзаада Бин Салман ошондой эле Судан элинин шарттарынын таасирин азайтуу үчүн «Сахем» платформасында жардам акциясынын уюштурулушун талап кылышты.

Король Салман менен мураскор принц бин Салмандын көрсөтмөлөрүнүн алкагында Судандагы жер которгондорго гуманитардык жардам жана медициналык колдоо көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар