Суданда каза болгондордун саны

Бириккен Улуттар Уюмунун Женева кеңсесинин басма сөз катчысы Алессандра Веллучинин модераторлугу астында апталык маалымат жыйыны өттү.

1979320
Суданда каза болгондордун саны

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Судандагы жаңжалда 459 адамдын каза болгонун билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Женева кеңсесинин басма сөз катчысы Алессандра Веллучинин модераторлугу астында апталык маалымат жыйыны өттү.

Жыйында Суданда уланып жаткан куралдуу кагылышууларга байланыштуу акыркы абал талкууланды.

ДССУнун Судан өкүлү Нима Саид Абед, Суданда 15-апрелден бери кагылышуулардан жалпы 459 киши каза болуп, 4 миң 72 кишинин жаракат алганын маалымдады.

Ал арада борбор шаар Хартумдагы 4 абактагылар сырттан колдоо алып качып кетишти.

Бийликтен кулатылган президент Омар ел-Башир жана режиминин көпчүлүк мүчөсү жаткан Бахри аймагындагы Кобер түрмөсүнүн алдында кагылышуулардын болгону белгиленди.

Баширдин аскердик ооруканада экени айтылууда.

АКШ кечээ жарыялаган 72 сааттык ок ​​атышпоо түн жарымынан тарта күчүнө киргенине карабастан Хартумдун ар кайсы аймактарынан маал-маалы менен куралдардын үндөрү угулууда.

Ыкчам колдоо күчтөрү өз билдирүүсүндө, экинчи тараптын ок атышпоо шарттарына баш ийбегендигин жана алардын учактарынын Хартумдун үстүнөн учуп жүргөнүн кабарлады.

Армия күчтөрүнүн позицияларга артиллерия менен ок атууну улантканын белгилеген Ыкчам колдоо күчтөрү, мунун ок атышпоо жана аткарыла турган шарттардын ачык түрдө бузулушу экенин баса белгиледи.

Кагылышуулардын армиянын башкы командирлиги жана Президенттик сарайы сыяктуу маанилүү жерлерде катуу жүрүп жатканы билдирилди.

Өзгөчө Хартумдун батышында Умдурман аймагындагы кагылышуулардын уланып жатканы маалымдалды.

Жергиликтүү тургундар, базарларда жана дүкөндөрдө талап-тоноо, уурулук, айрым аймактарда опузалап акча талап кылуу фактылары катталганын айтышты. Наабайканалардын алдында узун кезектерди түзгөн эл муктаждыктарын базарлардан канааттандырууга аракет кылышууда.

Судандын борбору Хартумда жана берки шаарларда 15-апрелдин таңында Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуулар башталган.

«Ыкчам колдоо күчтөрүнүн армияга толук кошулуусун» көздөгөн аскердик коопсуздук реформасына байланыштуу армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы пикир келишпестик акыркы бир нече айда катуу кагылышууга айланган.  



Тектеш кабарлар