АКШ Сирияда ДЕАШтын лидерлеринин бирин жок кылганын кабарлады

АКШнын Борбордук командирлиги (CENTCOM) жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1976254
АКШ Сирияда ДЕАШтын лидерлеринин бирин жок кылганын кабарлады

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Сирияда ДЕАШтын корбашчыларынан Абдулхади Махмуд Аль-Хажи Алини өлтүрүшкөнүн жарыялады.

АКШнын Борбордук командирлигинин (CENTCOM) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Бүгүн эртең менен АКШнын Борбордук күчтөрүнө караштуу аскерлер, Жакынкы Чыгыш жана Европада террордук кол салууларды пландоодон жооптуу болгон ДЕАШтын лидери жана операция пландоочусу Абдулхади Махмуд Аль-Хажи Алини өлтүрдү»,-деп кабарланды.

Билдирүүдө операциянын АКШ күчтөрү тарабынан гана тик учак менен жүргүзүлгөнү баса белгиленип, бул кол салуунун ДЕАШтын чет элдик жетекчилерди барымтага алуу пландарына байланыштуу алынган чалгындоо маалыматтарынан кийин ишке ашырылганы айтылды. 



Тектеш кабарлар