Францияда пенсия реформасына каршы нааразылык акциялары

Француздар Париж, Нант, Ренн жана Тулуза сыяктуу бир катар шаарларда пенсия реформасына каршы нааразылык акциясын өткөрүштү.

1974858
Францияда пенсия реформасына каршы нааразылык акциялары

Франциянын борбор шаары Парижде пенсия реформасына каршы нааразылык акцияларында полиция менен демонстранттардын кагылышында 11 киши жаракат алып, 47 киши камакка алынды.

Француздар Париж, Нант, Ренн жана Тулуза сыяктуу бир катар шаарларда пенсия реформасына каршы нааразылык акциясын өткөрүштү.

Париждеги демонстранттар, Опера аянтынан Бастилия аянтына чейин жөө жүрүш кылышты.

"Франциянын президенти Эммануэль Макронду пенсияга чыгаралы" деген баннерлерди көтөргөн митингчилер "Кызматкерлердин кадыр-баркы жана жакшыраак дүйнө үчүн бул жердебиз", "Париж өйдө тур" жана " Макрон, биз келип сени үйүңдөн алып кетебиз" деген ураандарды чакырышты.

Мининг учурунда полиция менен демонстранттардын ортосунда маал-маалы менен тирешүү күчөдү.

Полиция демонстранттарга көздөн жаш агызуучу газ жана таяктар менен кийлигишти.

Өлкөнүн басма сөзүнүн расмий булактарга таянып берген маалыматына караганда, 1и полиция 11 адам жаракат алып, 47 киши да камакка алынды.



Тектеш кабарлар