Париждин мэри Анн Идальго Сена дарыясында сүзөт
Аба ырайынын жагымсыз шарттары же дарыянын булгануусу күчөгөн учурда бул план кийинкиге жылдырылышы мүмкүн, бирок акыркы дата губернатордун макулдугу менен аныкталат.

Франциянын борбор шаары Париждин мэри Анн Идальго таза экенин көрсөтүү үчүн 23-июнда Сена дарыясында сүзөт.
Le Parisien гезитинин кабарына караганда, январь айында «булгануудан улам сүзүүгө ылайыктуу эмес» деген талаш-тартыштан улам күн тартибине коюлган Сена дарыясында сүзө турганын жарыялаган Идальго бул убадасын 23-июнда Париждин коопсуздук директору Лоран Нуньес жана Париждин губернатору Марк Гийом менен ишке ашырат.
Аба ырайынын жагымсыз шарттары же дарыянын булгануусу күчөгөн учурда бул план кийинкиге жылдырылышы мүмкүн, бирок акыркы дата губернатордун макулдугу менен аныкталат.
Франциянын президенти Эммануэль Макрондун да Идальго менен бир күндө сүзө ала турганы айтылганы менен, азырынча бул боюнча расмий билдирүү жок.
Макрон 29-февралдагы билдирүүсүндө Сена дарыясында сүзө турганын айтып, бирок аны качан кылаары тууралуу маалымат берген эмес.
Апрель айында Surfrider Foundation экологиялык уюму Эл аралык сууда сүзүү федерациясы белгилеген стандарттардан ашкан деңгээлдеги бактериялык булгануудан улам "дарыянын сүзүүгө ылайыктуу эмес" экенин билдирген, Париж губернаторлугу болсо дарыядагы иштердин али бүтө электигин жана бул маселенин Олимпиадага чейин чечилерин айткан.
Парижде 26-июлдан 11-августка чейин өтө турган Олимпиада оюндарынын марафондук сүзүү, триатлон жана паратриатлон мелдештери Сена дарыясында болот.