Орусия менен АКШ бири-бирин мыйзамсыз курал экспорттоо боюнча айыпташты

Бириккен Улуттар Уюмунун куралсыздануу боюнча жогорку өкүлү Изуми Накамицу Орусия тарабынан уюштурулган «Курал экспортун бузуулар» темасындагы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

1972991
Орусия менен АКШ бири-бирин мыйзамсыз курал экспорттоо боюнча айыпташты

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин (БУУнун Коопсуздук Кеңеши) курал экспортун бузуу боюнча жыйынында Орусия менен Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Украина боюнча бири-бирин айыпташты.

Бириккен Улуттар Уюмунун куралсыздануу боюнча жогорку өкүлү Изуми Накамицу Орусия тарабынан уюштурулган «Курал экспортун бузуулар» темасындагы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

Тартипсиз жана мыйзамсыз курал соодасынын эл аралык коомчулук үчүн маанилүү бир көйгөй бойдон калганын баса белгилеген Накамицу, мунун куралдуу кагылышууну, террорду жана кылмыштуулукту кубаттоосу менен бүтүндөй аймактарды туруксуздаштырууга алып келерин айтты.

Орусиянын туруктуу өкүлү Василий Небензя болсо Батыш өлкөлөрү жалгандан «жоопкерчиликтүү» жүрүм-турумга үндөйт, бирок алар Украинада тутанткан кризис тескерисин көрсөтүп жатат деп ырастады.

АКШ жана батыш өлкөлөрүнүн Украинага курал-жарак жеткирүүсү чоң тобокелчиликти алып келерин жана эл аралык укукту бузганын белгилеген Небензя, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин милдети бул көйгөйлөрдү чечүү экенин белгиледи.

АКШнын туруктуу өкүлүнүн орун басары Роберт Вуд Орусия «дезинформация» таратууга аракет кылып жатканын жана бүгүнкү жолугушуу Орусиянын «коңшусуна мыйзамсыз басып киришин» жаап-жашыруу аракети экенин айтты.

Украинадагы көйгөйдүн «курал экспортуна» байланыштуу эмес экенин белгилеген Вуд: «Украина оккупацияланды. Ошондуктан БУУнун Уставына ылайык өзүн коргоого укугу бар. Ошол сыяктуу эле эл аралык коомчулуктун да Украинанын коргонуусуна салым кошууга укугу бар»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар