Песков: «Зеленскийдин кызмат мөөнөтүнүн аякташы атайын аскердик операцияга таасир этпейт»

Дмитрий Песков борбор шаар Москвада актуалдуу маселелер боюнча журналисттерге билдирүү жасады.

2141823
Песков: «Зеленскийдин кызмат мөөнөтүнүн аякташы атайын аскердик операцияга таасир этпейт»

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кызмат мөөнөтүнүн аякташы “атайын аскердик операцияга” таасир этпей турганын кабарлады.

Дмитрий Песков борбор шаар Москвада актуалдуу маселелер боюнча журналисттерге билдирүү жасады.

Песков Украинанын президенти Зеленскийдин кызмат мөөнөтүнүн аякташы Орусиянын Украинадагы “атайын аскердик операциясына” таасир этеби деген суроого “Жок, атайын аскердик операция уланууда” деп жооп берди.

Орусиянын кээ бир шаарларына Украин армиясы тарабынан кол салуу жасалганына көңүл бурган Песков, ошондуктан орус армиясынын Украинада коопсуздук аймагын түзүүнү улантып жатканын айтты.

2019-жылы Украинада президенттик шайлоону жеңген Зеленскийдин 5 жылдык президенттик мөөнөтү бүгүн аяктайт.

Орусия менен согуш башталгандан кийин 2022-жылдын 24-февралында жарыяланган аскердик абалдын уланышына байланыштуу 31-мартта өтүшү керек болгон президенттик шайлоо өтпөй калган.



Тектеш кабарлар