Путин Мариуполь шаарына барды
Путин өлкөсү Украинада мыйзамсыз аннексиялап алган Донецк облусундагы Мариуполь шаарына барды
Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөсү Украинадан мыйзамсыз аннексиялап алган Донецк облусундагы Мариуполь шаарына барды.
Кремль сарайынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Путин Мариуполь шаарына тик учак менен барды.
Путин шаардын ар кайсы райондорун, жээк сызыгын жана театрдын имаратын автоунаа айдап кыдырып чыкты.
Орусиянын вице-премьер-министри Марат Хуснуллин Путинге шаардагы курулуш жана оңдоо иштери тууралуу маалымат берди.
Шаар тургундары менен жолугушкан Владимир Путин Украинадагы согушка активдүү катышкан Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы орус аскерлеринин башкаруу борборуна да барды.
Бул жерде аскердик жетекчилер менен жолугушуу өткөргөн Путин, Орусиянын Башкы штабынын төрагасы Валерий Герасимов менен кээ бир командирлердин отчеттук баяндамаларын укту.
Кечээ Путин Орусия 2014-жылы мыйзамсыз аннексиялап алган Крымдын Севастополь шаарына барган.
Украинанын Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон аймактары 2022-жылдын 30-сентябрында Кремль сарайында өткөрүлгөн аземде Путин кол койгон документтер менен мыйзамсыз түрдө аннексияланган.
Тектеш кабарлар
Индонезияда жер көчкү жана сел: 41 адам каза болду
Жаман аба ырайынын иш-аракеттерге тоскоол болгону маалымдалды.