БУУ Дан коридору келишиминин улантылышы маанилүү экендигин билдирди

БУУнун баш катчысы  Антонио Гутеррештин БУУнун Кара деңиз дан демилгеси менен бирге орус азык  - түлүк жана жер семирткич экспортун жеңилдетүү аракеттерине толугу менен баш ийе тургандыгы билдирилди.

1959393
БУУ Дан коридору келишиминин улантылышы  маанилүү экендигин билдирди

Бириккен Улуттар Уюму Дан коридору келишиминин улантылышы глобалдык азык  - түлүк коопсуздугу үчүн абдан маанилүү экендигин билдирди.

БУУнун Женева кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кечээ Швейцариянын Женева шаарында Дан коридору келишиминин узартылышы тууралуу БУУнун Соода жана өнүгүү конференциясынын башкы катчысы Ребека Гринспан менен БУУнун башкы катчысынын орун басары жана чукул жардам координатору Мартин Гриффитс, Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин жетектеген жогорку деңгээлдеги делегация менен жолугушканы айтылды.

Маалыматта жолугушуунун 2022 -  жылы 22 -  июлда кол коюлган  эки келишимдин ишке ашырылышына көңүл бурулгандыгын, бул келишимдердин Россия Федерациясы, Түркия, Украина жана БУУнун ортосундагы «Кара деңиз дан демилгеси» жана тоскоолдуксуз азык  - түлүк жана жер семирткич экспортун жеңилдетүү үчүн Россия менен БУУнун ортосундагы меморандум экендиги билдирилди.

БУУнун баш катчысы  Антонио Гутеррештин БУУнун Кара деңиз дан демилгеси менен бирге орус азык  - түлүк жана жер семирткич экспортун жеңилдетүү аракеттерине толугу менен баш ийе тургандыгы билдирилди.

Билдирүүдө БУУнун Россия тарабынан   18 -  мартта акырына чыга турган Дан коридору келишиминин 60 күндүк мөөнөт менен дагы бир жолу узартылышына нааразычылык билдирбегендиги белгиленип : «БУУнун башкы катчысы БУУнун Кара деңиз дан демилгесинин бүтүндүгүн сактоо жана үзгүлтүксүздүгүнө шарт түзүү үчүн мүмкүн болгон бардык нерсени аткарарын аныктады»,- деп айтылды.

Дан коридору келишиминин 24 миллион тонна дандын экспортуна мүмкүнчүлүк берилгендиги белгиленген маалыматта : «Дан коридору келишиминин улантылышы, глобалдык азык  - түлүк коопсуздугу үчүн абдан маанилүү анткени дан жана жер семирткич баалары согуштан мурдагы деңгээлге келген жок. Бул абал өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө кыйынчылыктарга себеп болот»,- деген баа берилди.

2022 -  жылы 22 -  июлда Стамбулда кол коюлган дан коридору келишими 2022 -  жылдын 19 -  ноябрынан тарта 120 күндүк мөөнөт менен узартылган.



Тектеш кабарлар