Сауд Арабияга туристтик виза

Бул тууралуу Сауд Арабиянын туризм министри Ахмед аль-Хатиб өзүнүн Twitter баракчасынан билдирди.

1957742
Сауд Арабияга туристтик виза

Сауд Арабия, Перс булуңундагы өлкөлөрдө жашаган ар бир адамга кесиптик шарттар талап кылынбастан туристтик виза бериле турганын жарыялады.

Бул тууралуу Сауд Арабиянын туризм министри Ахмед аль-Хатиб өзүнүн Twitter баракчасынан билдирди.

Хатиб, Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешине мүчө өлкөлөрдө жашаган ар бир адамдын кандайдыр бир кесиптик шарт талап кылбастан Сауд Арабияга туристтик виза ала ала турганын айтты.

Ахмед аль-Хатиб билдирүүсүндө, Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн биринде 3 айдан кем эмес жашоого уруксаты бар адамдар туристтик визага кайрыла ала тургандыктарын маалымдады.

Сауд Арабия өткөн жылы Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн айрым бизнес топторунун туристтик виза ала алаарын жарыялаган.



Тектеш кабарлар