Ооганстандын Балх губернаторуна бомбалуу кол салуу болду

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.

1957219
Ооганстандын Балх губернаторуна бомбалуу кол салуу болду

Ооганстандын түндүгүндөгү Балх провинциясынын Губернаторлук имаратына жасалган бомбалуу кол салууда губернатор Мухаммед Давут Муземмил каза болду.

Мазари-Шариф полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Мухаммед Асиф Везири, кол салуунун Губернаторлук имаратында жергиликтүү жетекчилердин катышуусунда өткөрүлгөн административдик жыйын учурунда жасалганын билдирди.

Балх губернатору Мухаммед Давут Муземмил менен эки жарандын кол салууда каза болгонун билдирген Везири, кол салууга байланыштуу иликтөө башталганын айтты.

Окуяга күбө болгондор Губернаторлукка тез жардам унаалары жөнөтүлүп, тегеректеги жолдордун кыймылга жабылганын айтышты.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.



Тектеш кабарлар