АКШда бороон-чапкын эскертүүсү

Метеорологдор, өзгөчө штаттын бийик аймактарында бир канча убакыттан бери уланып жаткан кар бороонунан кийин Калифорниянын жаңы аба ырайы толкунуна кирерин билдиришти.

1957157
АКШда бороон-чапкын эскертүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Калифорния штатында жетекчилер, аптанын аягында күтүлүп жаткан катуу жаан жана бороондуу аба ырайы тууралуу коомчулукту эскертти.

Метеорологдор, өзгөчө штаттын бийик аймактарында бир канча убакыттан бери уланып жаткан кар бороонунан кийин Калифорниянын жаңы аба ырайы толкунуна кирерин билдиришти.

Сан-Франциско булуңу жана Сакраменто сыяктуу штаттын борбордук жана түндүк аймактарында болжол менен 16 миллион адам суу каптоо коркунучу алдында турганда, бүгүн жана эртең күтүлүп жаткан ашыкча жамгыр менен кардын эришинин селге алып келиши мүмкүн экени белгиленди.

Улуттук Аба ырайын болжолдоо борбору өзүнүн Twitter баракчасынан "Сьерра-Неваданын батыш этектериндеги дарыялар жана агын суулар жамгыр менен кардын эришинен улам суу ташкындарына алсыз болот",- деп билдирди.

Жергиликтүү жетекчилер, калкты эң аз эки аптага жете тургандай негизги муктаждыктарын даярдоого чакырып, үйлөрдү жана ишканаларды суу каптап кетүүгө каршы да кум каптары менен чара көрүүгө кеңеш берди.



Тектеш кабарлар