Европа Биримдиги TikTokту колдонууга тыюу салды
Кытай технологиялык фирмасына таандык TikTok кээ бир өлкөлөрдө улуттук коопсуздукка кооптонууну жаратууда.
Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясы өз кызматкерлерине жеке жана корпоративдик телефондорунан TikTok тиркемесин алып салууну тапшырды.
Politico сайтындагы кабарга караганда, Биримдиктин аткаруу органы катары иш алып барган Евробиримдик Комиссиясы коопсуздук маселесинен улам кызматкерлери үчүн TikTok социалдык медиа тиркемесин колдонууга тыюу салды.
Бул контекстте, эртең менен Комиссиянын бардык кызматкерлерине жумушка байланыштуу тиркеме менен жеке же корпоративдик түзмөктөрүнөн тиркемени алып салуу тапшырмасы берилди.
Евробиримдиктин берки мекемелери болгон ЕБ Кеңеши жана Европарламенттин да жакынкы келечекте ушундай кадамдарга барары күтүлүүдө.
Кытай технологиялык фирмасына таандык TikTok кээ бир өлкөлөрдө улуттук коопсуздукка кооптонууну жаратууда.
Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) да расмий кызмат үчүн колдонулган түзмөктөрдө TikTok тиркемесине тыюу салынган.
Тектеш кабарлар
Зариф: "Согушту токтотуу үчүн кызматташууга даярбыз"
АКШнын Нью-Йорк шаарына барган Зариф күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.