Мадагаскарда "Фредди" бороону болду

Январь айында өлкөдө күчөгөн Ченесо бороонунан кеминде 30 адам каза болгон.

1950082
Мадагаскарда "Фредди" бороону болду

 Мадагаскарда катуу  болгон "Фредди" бороонунан 4 киши каза болду.

Улуттук апаатты башкаруу бюросунун билдирүүсүндө өлкөнүн чыгыш жээгинде болгон бороондон 16 миң 660 кишинин жабыркаганы билдирилди.

Билдирүүдө бороондон улам кеминде 10 аймакта билим берүүнүн үзгүлтүккө учурагандыгы, 4 адамдын каза болгондугу айтылды.

Инд океанындагы арал өлкөсү Мадагаскарда жаңыдан башталган жамгыр мезгили апрель айына чейин уланат.

Январь айында өлкөдө күчөгөн Ченесо бороонунан кеминде 30 адам каза болгон.



Тектеш кабарлар