Япония Украинага 5,5 миллиард доллар жардам берет

Киодо агенттиги финансылык жардамдын Украинанын инфраструктурасын оңдоого жумшалышы пландалып жатканын билдирди.

1949325
Япония Украинага 5,5 миллиард  доллар жардам берет

Япон өкмөтү Россия чабуулдарын улантып жаткан Украинага 5,5 миллиард долларлык каржылык жардам пакетин жарыялады.

Премьер-министр Кишида Фумио борбор шаар Токиодогу симпозиумда сүйлөгөн сөзүндө Россиянын кол салууларынын бир жылдыгы болгон 24 - февралдан мурда Украинага жардамды көбөйтүүнү максат кылгандарын айтты.

Кишида Фумио Украинага 5,5 миллиард доллар каржылык жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Киодо агенттиги финансылык жардамдын Украинанын инфраструктурасын оңдоого жумшалышы пландалып жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар