Путин: "Ооганстандагы абал жакшырган жок"

Путин борбор калаа Москвада ар кайсы өлкөлөрдүн коопсуздук бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен өткөрүлгөн Ооганстан темалуу жыйында сөз сүйлөдү.

1944354
Путин: "Ооганстандагы абал жакшырган жок"

Орусиянын президенти Владимир Путин, АКШ армиясы Ооганстандан чыгып кеткенден кийин өлкөдө эл аралык террордук уюмдардын активдүүлүгүн күчөткөнүн айтты.

Путин борбор калаа Москвада ар кайсы өлкөлөрдүн коопсуздук бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен өткөрүлгөн Ооганстан темалуу жыйында сөз сүйлөдү.

Дүйнөдө көптөгөн кагылышуулардын болуп жатканын түшүндүргөн Путин: «Биз муну билебиз, бирок бул Ооганстандагы кырдаалдын маанисин төмөндөтпөйт. (Ооганстан) Бул биз үчүн ар дайым маанилүү болгон жана бүгүнкү күндө бул эки эсе маанилүү, анткени түштүк чек араларызда чыңалууну каалабайбыз»,-деп айтты.

Ооганстандагы абалдын жакшырбаганын баса белгилеген Путин: «Тилекке каршы, АКШ армиясы чыгып кеткенден кийин Ооганстандагы абал жакшырган жок. Эл аралык террористтик уюмдар Ооганстандагы активдүүлүгүн күчөтүүдө. Анын ичинде "Аль-Каиданын" потенциалы жогорулады»,-деди.

Кээ бир өлкөлөрдүн эл аралык террорго каршы күрөш шылтоосу менен Ооганстандагы катышуусун арттырууга аракет кылып жатканын билдирген Путин: «Ооганстандагы гуманитардык кырдаал да начарлап баратат, 4 миллионго жакын адам гуманитардык жардамга муктаж. Баңгизат соодасы да күчөп, тилекке каршы өстүрүлгөн аянттар көбөйүүдө. Менимче, дүйнөлүк рыноктогу апийимдин 80 пайызы Ооганстанда өстүрүлөт»,-деди.



Тектеш кабарлар