Израиль аскерлери бир палестиналык баланы атып өлтүрүштү
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, бүгүн эртең менен Израил аскерлери Батыш Шерианын түндүгүндөгү Наблус шаарында тинтүү жүргүзүштү.
1943090
Израиль армиясынын оккупациядагы Батыш Шериада жүргүзгөн тинтүүсү учурунда палестиналык бала каза болду.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, бүгүн эртең менен Израил аскерлери Батыш Шерианын түндүгүндөгү Наблус шаарында тинтүү жүргүзүштү.
Тинтүү учурунда 17 жаштагы палестиналык Хамза аль - Ашкарды израилдик аскерлер башына атып өлтүрүштү.
Бир тараптан Израиль армиясынын билдирүүсүндө эртең мененки сааттарда Батыш Шерианын ар кайсы жерлеринде тинтүүлөрдүн жүргүзүлгөндүгү белгиленди.