Израиль эки палестиналыкты өлтүрдү

Операция учурунда 3 палестиналык да жараланды.

1932039
Израиль эки палестиналыкты өлтүрдү

Израиль аскерлеринин басылып алынган Батыш Шериага операциясында 2 палестиналык жигит каза болуп, 3 палестиналык да жарадар болду.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, Израиль күчтөрү Батыш Шерианын түндүгүндөгү Кубатие шаарчасына жүргүзгөн операциясында Абдулхади Юсуфту көкүрөгүнөн жана Хабиб Кумейлди да башынан оор жарадар кылды.

Палестиналык эки жигит жеткирилген Женин мамлекеттик ооруканасында каза болушту.

Операция учурунда израилдик аскерлер 3 палестиналыкты да жаралады.

Израиль армиясынын атайын бөлүктөрүнүн кошумча күчтөр менен жүргүзгөн рейдинин «издөөдө жүргөн Мухаммад Али Камил аттуу палестиналыкты кармоону» максат кылганы белгиленди.

Операцияга бөгөт болууга аракет кылган палестиналык куралдуу козголоңчулар менен израилдик аскерлердин ортосунда кагылышуу болгондугу билдирилди.



Тектеш кабарлар