Бельгияда абак кызматкерлери иш ташташты

Түрмөдө иштеген күзөтчүлөрдүн ордуна полиция убактылуу дайындалды.

1931182
Бельгияда  абак кызматкерлери  иш ташташты

Бельгияда  абак кызматкерлери айлык акыны жана эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылып, бир күндүк иш таштоого чыгышты.

Түрмөдө иштеген күзөтчүлөрдүн ордуна полиция убактылуу дайындалды.

Иш таштоодон улам абактардын иши үзгүлтүккө учурай турганы, коомдук иш-чаралар, тренингдер, семинарлар жана зыяраттардын токтотулганы жарыяланды.

Кызматкерлер караштуу болгон профсоюздар эмгек акы шкалаларын кайра түзүүнү жана кызматкерлерге берилген 13  - эмгек акыны толук төлөп берүүнү талап кылууда.

Бельгиянын мамлекеттик кызматтар боюнча вице – премьер - министри Петра Де Саттер иш таштоо эмне үчүн болуп жатканын түшүнгөнүн айтты.

Акыркы 15 жылда менчик сектордо айлык акынын жогорулатылганын, бирок мамлекеттик сектордо олуттуу өсүш болбогонун моюнга алган Де Саттер : «Профсоюздардын жасалган иштин маанилүү экендигине байланыштуу белги жиберүүлөрүн түшүнүп жатам»,- деди.

 



Тектеш кабарлар