Кытайдын «People's Daily» гезити да Түркиянын коргоо өнөр жайын мактады

«People's Daily» Түркиянын улуттук согуштук учактарына кеңири орун берди.

1930631
Кытайдын «People's Daily» гезити да Түркиянын коргоо өнөр жайын мактады

Түркиянын ата мекендик жана улуттук коргоо өнөр жай өнүмдөрү дүйнөдө күн тартибинде болууну улантууда.

Кытайдын алдыңкы гезиттеринин бири «People's Daily» улуттук согуштук учактарга кеңири орун берди.

«People's Daily» гезити кабарды «Түркиянын бешинчи муундагы согуштук учагы таанытылды» деп жарыялады.

Кабарда Түркиянын ылдам өнүгүп жаткан аба күчтөрү макталып, жаңы муундагы согуштук учактын окшошторунан бир топ алдыда экени жазылды.

Орто жана кыска аралыктагы абадан-абага учуучу ракеталарды ташый ала турган учак, Түштүк Корея жана Индия тарабынан иштелип чыккан окшош учактардан жогору экени аныкталды.

Макалада Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттары да орун алды.

«Түркия бешинчи муундагы согуштук учактары жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары менен учкучтуу жана учкучсуз аба аскердик системасын түзүүнү каалайт»,-деп айтылды.

Германиянын алдыңкы гезиттеринен «Die Welt» да Түркиянын күчтөнгөн коргоо өнөр жайын мактаган болчу.

«Түркиянын куралдануунун күчү катары таң калыштуу өнүгүүсү» деген кабарда, Түркиянын кайрадан куралдануу планын ишке ашырып жатканы белгиленген.

Түркиянын келечекте согуштук учактар ​​рыногунда да атагы чыга турганына көңүл бурулган кабарда, TF-X деп аталган Улуттук согуштук учак моделинин март айында биринчи жолу дүйнө коомчулугуна таанытыла турганы билдирилген. 



Тектеш кабарлар