Зеленскийдин видео кайрылуусу

Зеленский Орусияга каршы жүрүп жаткан согуш тууралуу маалымат берди.

1924487
Зеленскийдин видео кайрылуусу

Украинанын президенти Владимир Зеленский, 24-февралда башталган Орусия-Украина согушунун уланып жатканын эске салып, армияны келерки жылга даярдоону улантышарын билдирди.

Зеленский түнү Telegram баракчасынан бөлүшкөн видео билдирүүсү менен элге кайрылып, өлкөсүндө Орусияга каршы жүрүп жаткан согуш тууралуу маалымат берди.

Владимир Зеленский коргоо жана коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү менен жолугуп, фронттогу акыркы кырдаалды талкуулашканын маалымдады.

Жолугушууда армиянын келерки жылга даярдыгы тууралуу сүйлөшкөнүн билдирген Зеленский: «Биз Украинанын коргонуу жана коопсуздук күчтөрүн келерки жылга даярдоону улантып жатабыз. Бул чечүүчү жыл болушу керек»,- деди.

Украина армиясынын бардык мезгилдерге даяр болушу керектигин баса белгилеген Зеленский: «Биз кышында кандай тобокелчиликтер бар экенин, жазында эмне кылышыбыз керектигин, ошондуктан бүтүндөй коргонуу жана коопсуздук секторунун кандай жыйынтыктарды көрсөтүшү керектигин билебиз»,-деп айтты.

Максаттарынын Украинанын бардык жерлерин бошотуу экенине көңүл бурган Зеленский, 2023-жылга ушул ишеним менен кире тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар