Колумбия Рамалладагы элчилигин ачат

Колумбия 2018-жылдын 3-августунда Палестинаны мамлекет катары таанып, Газада Палестина элине каршы уланып жаткан кол салуулардан улам 3-майда Израиль менен дипломатиялык мамилелерин үзгөнүн жарыялаган.

2143204
Колумбия Рамалладагы элчилигин ачат

Колумбиянын президенти Густаво Петро өлкөсүнүн Рамалладагы элчилигин ачууга буйрук берди.

Тышкы иштер министри Гилберто Мурильо басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, Рамаллада Колумбиянын элчилигин ачуу процессинин башталгандыгын маалымдап: «Президент Петро Колумбиянын Рамалладагы элчилигин ачууга буйрук берди, биздин кийинки кадамыбыз ушул багытта болот»,-деди.

Ачылыш үчүн так датаны бербеген Мурильо: «Барган сайын көбүрөөк өлкөлөрдүн Палестинаны тааный турганына ишенебиз жана бул Израилге же еврейлерге каршы чыгарылган чечим эмес. Палестина толук мамлекет катары таанылышы керек»,-деп айтты.

Колумбия 2018-жылдын 3-августунда Палестинаны мамлекет катары таанып, Газада Палестина элине каршы уланып жаткан кол салуулардан улам 3-майда Израиль менен дипломатиялык мамилелерин үзгөнүн жарыялаган.



Тектеш кабарлар