Украинада дагы бир австралиялык каза болду
Австралиянын Тышкы иштер дана соода департаменти 24 жаштагы Сагеин О'Доннелдин Украинада Россияга каршы согушуп жатып каза болгонун билдирди.
![Украинада дагы бир австралиялык каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2472/c46c/4bc1/6389d8ea37789.jpg?time=1718938909)
Украина - Россия согушунда бир австралиялыктын дагы каза болгондугу жарыяланды.
Австралиянын Тышкы иштер дана соода департаменти 24 жаштагы Сагеин О'Доннелдин Украинада Россияга каршы согушуп жатып каза болгонун билдирди.
Каза болгон австралиялыктын энеси Сагеиндин Россиянын Украина калкына кылган адилетсиздиги үчүн согушка баруу чечимин чыгарганын белгиледи.
Виктория штатынан О'Доннелдин мындан мурда Австралия армиясында артиллериялык жана жөө аскер кызматын аткаргандыгы билдирилди.
24 - февралдан бери болуп келе жаткан Украина - Россия согушунда чет элдик аскерлер тууралуу маалымат берген "Memorial-International Legion Defense of Ukraine" аттуу бир фесбук баракчасында О'Доннелдин Украинада ыктыярдуу күрөшкөндүгү маалымдалды.
Астралия өкмөтү саякат үчүн барбоосунушталган Украинадагы согушта мындан мурда да үч австралиялыктын каза болгондугу билдирилген.