Сербияда аммиак ташыган поезд рельстен чыгып кетти

Аммиактын жайылышынан 50 адам ууланды.

1923736
Сербияда аммиак ташыган поезд рельстен чыгып кетти

Сербиянын түштүк-чыгышында аммиак ташыган поезддин рельстен чыгып кетишинин натыйжасында жайылган заттан 50 киши ууланып, 1 киши каза болду.

Сербиянын түштүк-чыгышындагы Пирот шаарында Ниш-Димитровград темир жол линиясында аммиак ташыган жүк поезди рельстен чыгып кетти.

Оодарылып кеткен вагондогу аммиактын жайылышынын себебинен 51 киши уулануу белгилери менен ооруканага жаткырылды. Серб мамлекеттик телеканалы, ооруканага жаткырылган бир адамдын каза болгонун билдирди.

Кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 17.30дар чамасында катталган кырсыктан кийин жетекчилер аймактын элине үйдөн чыкпоону эскертишти.

Жайылуунун айынан Болгарияга кеткен эл аралык трассада көрүү аралыгынын азайышы, көптөгөн кырсыктарга себеп болду.

Милиция, Рождество майрамына байланыштуу тыгын жараткан жолдогу унааларды альтернативдүү багыттарга жөнөттү.



Тектеш кабарлар