Түндүк Корея Японияны эскертти

Түндүк Корея Япониянын жаңы улуттук коргонуу стратегиясына өтүүсүн айыптап, буга каршы дагы күчтүү аскердик чара көрүшөрү тууралуу эскертти.

1921235
Түндүк Корея Японияны эскертти

 Түндүк Корея Япониянын жаңы улуттук коргонуу стратегиясына өтүүсүн айыптап, буга каршы дагы күчтүү аскердик чара көрүшөрү тууралуу эскертти.

Йонхап агенттигинин кабарына караганда Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Япониянын башка өлкөлөргө каршы кол салуу саясатын жактырып аймак үчүн олуттуу коопсуздук коркунуч туудургандыгын билдирди.

Маалыматта Япониянын жаңы коопсуздук саясаттары менен Чыгыш Азиядагы коопсуздук шарттарынын түп тамырынан бери өзгөргөндүгү жана Япониянын жаңылыш жана абдан коркунучтуу жолду тандагандыгы белгиленип Түндүк Кореянын бул стратегияга каршы дагы күчтүү акердик чара көрөрү билдирилди.

Япониянын жаңы коопсуздук саясаты болгон душман базаларын атуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу стратегиясына өтүүсү айыпталган билдирүүдө : "Япониянын адилетсиз  кадамына жооп катары, Түндүк Корея бул аракеттерден тынчсызданганын жана нааразы экенин көрсөтүүнү улантат",- деп айтылды.

Япония 16 - декабрда  Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жүргүзгөн коопсуздук саясатын өзгөртүп, душмандын базаларына сокку урууга жөндөмдүү стратегияга өткөн.

Япония Кытайдын Тынч океанда күчөткөн аскердик экспансия менен Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык программалары менен бирге аймактык коркунучтарга каршы коргонуу саясатын өзгөрткөн.

Жаңыланган коргонуу саясаттарына караганда Кытай эң чоң стратегиялык каршы чыгуу, Түндүк Корея болсо мурункуга караганда дагы олуттуу жана дагы жакын коркунуч катары мүнөздөлгөн.

Стратегияга караганда  Япония  өзгөчө кырдаалда кол салууларды токтотуу үчүн башка өлкөнүн аймагына түздөн - түз каршы чабуул жасоо боюнча аскердик мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат.



Тектеш кабарлар