Зеленский: "Тынчтык планына Орусия ракеталар менен жооп берүүдө"

Зеленский Орусиянын кечээки ракеталык чабуулдарына байланыштуу социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

1907164
Зеленский: "Тынчтык планына Орусия ракеталар менен жооп берүүдө"

Украинанын президенти Владимир Зеленский, Орусиянын Украинанын тынчтык планынын ар бир беренесине он ракета менен жооп бергенин билдирди.

Зеленский Орусиянын кечээ өлкөнүн энергетика системаларына жасаган ракеталык чабуулдарына байланыштуу социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

Орусиянын кол салууларында зыян тарткан жерлердин фотосүрөттөрүн бөлүшкөн Зеленский: «Орусияга тынчтыктан сөз кылышууда, алар болсо ракеталар менен жооп берүүдө. Ага Орусия провокациялаган глобалдык кризистер тууралуу айтып жатышат, ал болсо Ирандын учкучсуз аппараттары менен жооп кайтарууда. Согушту токтотуу үчүн ага он берене берилди, ал болсо тынчтык планынын ар бир беренеси үчүн ондон ракета учурду»,-деди.



Тектеш кабарлар