Уганда биринчи спутнигин космоско учурду

Кырсыктарды алдын алуу жана инфраструктураны пландоодо да колдонула турган спутник АКШнын авиация жана космостук мекемеси тарабынан учурулду.

1903957
Уганда биринчи спутнигин космоско учурду

Уганда Эл аралык космос станциясына биринчи спутнигин учурду.

Уганда Илим жана технология министрлиги угандалык жана япониялык  инженерлери тарабынан иштелип чыккан «PearlAfricaSat-1» аттуу спутниктин декабрь айында төмөн орбитага жайгаштырыла турганын жарыялады.

Спутник аба ырайын болжолдоо, суунун деңгээлин көзөмөлдөө, жаратылыш ресурстарын картага түшүрүү жана айыл чарба максаттарында колдонулат.

Кырсыктарды алдын алуу жана инфраструктураны пландоодо да колдонула турган спутник АКШнын авиация жана космостук мекемеси тарабынан учурулду. 

Өлкөнүн биринчи спутник программасы болуу өзгөчөлүгүнө ээ спутник менен кийинчерээк бул тармакта билим алган жергиликтүү инженерлердин байланыш курары белгиленди.

Гана, Нигерия, Түштүк Африка, Эфиопия жана Руанда сыяктуу Сахаранын түштүгүндөгү Африканын бир нече өлкөлөрүнүн космосто спутниктери бар.

 

 



Тектеш кабарлар