Түндүк Корея ракета сыноолорун коргонуу максатында өткөргөнүн билдирди

Ким Сон Гёнг, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин сындарын айыптады.

1903631
Түндүк Корея ракета сыноолорун коргонуу максатында өткөргөнүн билдирди

Түндүк Корея ракета сыноолорунун Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) провокациясына каршы «коргонуу максатында» өткөрүлгөнүн билдирди.

China Global Television Network (CGTN) кабарына караганда Түндүк Кореянын тышкы иштер министринин эл аралык уюмдар боюнча орун басары Ким Сон Гёнг, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриштин өлкөсүнүн ракета сыноолоруна байланыштуу сындарын айыптады.

Ким Сон Гутерриштин өлкөсүн сындаганын "адилетсиз жана бир жактуу" деп мүнөздөп, ракета сыноолорунун АКШнын провокациясына каршы "коргонуу максатында" экенин айтты.

Гутерриш Түндүк Кореянын 4-ноябрдагы ракета сыноолорун айыптап, мындан аркы провокациялык аракеттерге жол бербөө керектигин билдирген.

Бир тараптан Ким Сон Орусияга курал жагынан колдоо көрсөтүп жатат деген дооматты четке кагып, «келечекте да андай пландары жок» экенин белгиледи.

Америка Кошмо Штаттары Түндүк Кореянын Орусияга Украинада колдонулушу үчүн көп сандагы артиллериялык снаряддарды бергенин айткан.

Түштүк Корея менен АКШнын алты күндүк аскердик машыгуусуна жооп иретинде Пхеньян 2-5-ноябрь аралыгында 80ден ашык ракета учуруп, аба күчтөрүнүн машыгууларын өткөрдү.

Түштүк Корея менен АКШ Пхеньяндын өзөктүк ракеталарды сыноо үчүн техникалык даярдыктарды көрүп жатканын айтып келет.



Тектеш кабарлар