Калифорнияда жер титиреди
Калифорния булуңундагы жер титирөө 10 чакырым тереңдикте катталды.
1902446
![Калифорнияда жер титиреди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/879b/5ce7/9375/60a7ba86a6f11.jpg?time=1718911656)
Калифорния булуңунда күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду.
Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык кызматы (USGS) жер титирөөнүн очогу Мексиканын түндүк-батышындагы Сонора штатына караштуу Бахия-Кино жээгинде болгонун жарыялады.
Калифорния булуңундагы жер титирөө 10 чакырым тереңдикте катталды.
Жер титирөөнүн кесепеттири тууралуу азырынча маалымат бериле элек.