АКШ президенти Байден: "Иранды боштондукка чыгарабыз"

Жо Байден Конгресстин 8-ноябрдагы орто мөөнөттүү шайлоолорунун алдында Калифорнияда өткөрүлгөн Демократиялык партиянын иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө Ирандагы митингдерге токтолду.

1902156
АКШ президенти Байден: "Иранды боштондукка чыгарабыз"

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден, Иранда Махса Эмининин каза болушунан кийин башталган жана 50 күндөн бери уланып жаткан нааразылык акцияларына байланыштуу: «Иранды боштондукка чыгарабыз»,-деди.

Жо Байден Конгресстин 8-ноябрдагы орто мөөнөттүү шайлоолорунун алдында Калифорнияда өткөрүлгөн Демократиялык партиянын иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө Ирандагы митингдерге токтолду.

Сөз сүйлөөсүндө тарапкерлери уюлдук телефондорун көтөрүп "Эркин Иран" деп билдиргенде Байден мындай деди:

«Кабатыр болбоңуздар, Иранды боштондукка чыгарабыз. Алар жакында өздөрүн боштондукка чыгарышат».

16-сентябрда Ирандын борбору Тегеранда 22 жаштагы Махса Эмининин абакта каза болушу өлкөнүн өкмөтүнө каршы нааразылык акцияларга себеп болгон.



Тектеш кабарлар