Швеция-Финляндия мамилелери

Йонсон жана кесиптеши Антти Кайкконен Финляндиянын борбор шаары Хельсинкидеги жолугушуудан кийин пресс-конференция өткөрүштү.

1896993
Швеция-Финляндия мамилелери

Швециянын коргоо министри Пол Йонсон өлкөсүнүн Финляндия менен бир убакта НАТОго кабыл алынышы керектигин билдирди.

Йонсон жана кесиптеши Антти Кайкконен Финляндиянын борбор шаары Хельсинкидеги жолугушуудан кийин пресс-конференция өткөрүштү.

Йонсон: «Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүү чечими тарыхый чечим. Биз Финляндия менен бир убакта НАТОго мүчө болушубуз керек. Бул үчүн иштеп жатабыз жана чараларды көрүүдөбүз»,-деди.

Йонсон ошондой эле Финляндиянын коргоо жана коопсуздук жагынан алардын эң жакын өнөктөшү экенин билдирди.

Финляндиянын коргоо министри Кайкконен Швециянын өлкөсүнүн эң жакын өнөктөшү экенин жана бул өнөктөштүктүн НАТОго кошулганда да улана турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар