БУУ дан коридорунун келечектүү экенин жарыялады

Бул келишимдин мөөнөтүн узартуунун дүйнөлүк азык-түлүк бааларын төмөндөтүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жагынан өтө маанилүү экени айтылды.

1895768
БУУ дан коридорунун келечектүү экенин жарыялады

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Түркиянын ортомчулугу менен ишке ашырылган дан коридорунун келечектүү экенин билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана Өнүктүрүү Конференциясы (UNCTAD) тарабынан жарыяланган отчетто, 22-июлда Стамбулда президент Режеп Таййип Эрдоган жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин катышуусунда Украина жана Орусия менен кол коюлган дан коридору келишиминин келечектүү экени жана кризис учурунда сооданын күчүн көрсөткөнү белгиленди.

UNCTADдын отчетунда бул келишимдин мөөнөтүн узартуунун дүйнөлүк азык-түлүк бааларын төмөндөтүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жагынан өтө маанилүү экени айтылды.

Келишимдин негизинде Украина портторундагы иш-аракеттердин нормалдуу абалга келгени, 19-октябрга карата Украина портторунан ташылган эгиндин көлөмүнүн 8 миллион тоннага жеткени маалымдалды.

Отчетто: «Согушка чейинкиге салыштырмалуу жүк ташуу 40 жана 50 пайызга азайганы менен бул демилгеден улам азык-түлүк баасы турукташып, төмөндөө тенденциясын баштады»,-деген сөздөр камтылды.  

Глобалдык азык-түлүк товарларын ташуу июль айында 8,6 пайыз, август айында 1,9 пайыз жана сентябрда 1,1 пайызга кыскарганы кабарланып: «Бул келишим келечектүү жана кризис учурунда сооданын күчүн көрсөтүүдө»,-деп билдирилди.



Тектеш кабарлар