Түндүк Каролинадагы куралдуу кол салуу
Каза болгондордун арасында бир полиция кызматкеринин да бар экени кабарланды.
1892802
АКШнын Түндүк Каролина штатынын борбору Ролиде куралдуу кол салууга дуушар болгон 5 киши каза болуп, 4 киши жараланды.
Түндүк Каролина губернаторлугунан жасалган билдирүүдө, кол салууда каза болгондордун арасында бир полиция кызматкеринин да бар экени кабарланды.
Билдирүүдө кол салууда жараланган 4 кишинин ооруканага жеткирилгени, окуя болгон жерге коопсуздук күчтөрү жана медициналык топтордун жиберилгени белгиленди.
Коопсуздук күчтөрү, шектүүнүн камакка алынганын айтышты.