Столтенберг: «Ядролук куралдын колдонулушу оор кесепеттерге алып келет»
Йенс Столтенберг, НАТОнун коргоо министрлеринин эки күндүк жыйынынын соңунда маалымат жыйын өткөрдү.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг: «Ядролук куралдын колдонулушу, Орусия-Украина жаңжалынын маңызын түп тамырынан бери өзгөртүп, оор кесепеттерге алып келет»,- деди.
НАТОнун коргоо министрлеринин эки күндүк жыйынынын соңунда маалымат жыйын өткөргөн Йенс Столтенберг, министрлердин Украинага колдоону арттыруу, блоктун тоскоолдугун күчөтүү, көбүрөөк активдүүлүк, ийкемдүүлүк жана чалгындоо менен НАТОнун маанилүү инфраструктурасын коргоо боюнча макулдашкандарын айтты.
Шериктештердин кечээ эртең менен Ядролук пландоо тобунун кезектеги жыйынына катышкандарын белгилеген Столтенберг, бул темада кеңешүүнүн жана координациялоонун маанисине көңүлдөрдү бурду.
Столтенберг: «Путиндин өзөктүк риторикасы кооптуу жана жоопкерчиликсиз. Биз Путиндин өзөктүк коркутуусуна олуттуу мамиле жасайбыз. Өзөктүк куралды колдонуу жаңжалдын маңызын түп тамырынан бери өзгөртөт жана олуттуу кесепеттерге алып келет»,-деди.
Тектеш кабарлар
Норвегия Мустафага Палестинаны таанууга байланыштуу документтерди тапшырды
Эспен Барт Эйде Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Мустафа менен жолугушту.