Евробиримдиктин Украинага аскердик колдоосу көбөйөт

Жозеп Боррель НАТОнун Коргоо министрлеринин жыйынына катышуу алдында билдирүү жасады.

1892586
Евробиримдиктин Украинага аскердик колдоосу көбөйөт

Евробиримдик Орусия менен согушуп жаткан Украинага аскерий колдоосун 3 миллиард евродон ашырат.

Евробиримдиктин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель НАТОнун Коргоо министрлеринин жыйынына катышуу алдында билдирүү жасады.

Европа Биримдигинин Украинага колдоосуна байланыштуу НАТО менен сүйлөшөрүн белгилеген Боррель, Европа Биримдигинин Украинага көрсөткөн жардамы тууралуу буларды айтты:

"НАТОнун мүчөлөрүнө келерки аптада Люксембургда (Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери катары) Украинанын Куралдуу күчтөрүнө аскерий колдоо көрсөтүүнүн жаңы тилимин бекитебиз деп билдирем. Ушундайча Евробиримдиктин булактарынан аскердик жардамыбыз 3 миллиард евродон ашат".

Боррель ошондой эле Евробиримдиктин украин аскерлерин машыктыруу үчүн миссия түзө турганын жана Украинага колдоонун улантылышы керектигин айтты.

Согуштун бүтүшү үчүн дипломатиялык чечүүчү жолдорду издей тургандарын баса белгилеген Боррель, Орусиянын чыңалууну күчөтүүсүнө жооп кайтара тургандарын да билдирди.

Боррель НАТОнун жыйынында Европа Биримдигинин Босния-Герцеговина жана Косоводогу миссиялары тууралуу да маалымат берерин кабарлады.



Тектеш кабарлар