Финляндия орус жарандарына берген виза санын азайтууда

Финляндия Россия менен Украинанын ортосунда уланып жаткан согуштан улам орус жарандарына берилген виза санын 90 пайызга кыскарта турганын жарыялады.

1868785
Финляндия орус жарандарына берген виза санын азайтууда

Финляндия Россия менен Украинанын ортосунда уланып жаткан согуштан улам орус жарандарына берилген виза санын 90 пайызга кыскарта турганын жарыялады.

Politico гезитиндеги кабарга караганда тышкы иштер министри Пекка Хаависто сентябрь айынан тарта өлкөсүнүн орус туристтердин виза арыздарынын 10 пайызын гана кабыл ала турганын жарыялады.

Бул чечим менен Финландияга орус жарандары тарабынан күнүнө жасалган миңге жакын кайрылуунун 100нө виза берилиши күтүлүүдө.

Журналисттер, оппозициячылдар же активисттер сыяктуу кээ бир топторго карата визанын жеңилдетилиши мүмкүн экендиги болжолдолуп, Хаависто  министрликтин бул программаны Ички иштер министрлиги менен талкуулай турганын айтты.

Чехия, Литва, Эстония, Латвия жана Польша Россияга карата кысымды күчөтүү үчүн орус жарандарына виза берүүнү токтотсо, Германия  андан баш тартууда.

Германиянын канцлери Олаф Шольц кечээги маалымат жыйынында Россияга саякатка тыюу салуунун пландалган санкцияларды жокко чыгарарын белгилеп : "Бул орус калкынын согушу эмес, президент Владимир Путиндин согушу",- деди. 

 



Тектеш кабарлар