Америка - Иран өзөктүк келишими

Америка Кошмо Штаттарынын башкаруучулугу жакынкы келечекте Иран менен өзөктүк келишимге жетишүү ыктымалы аз экенин жарыялады.

1860423
Америка  -  Иран өзөктүк келишими

Америка Кошмо Штаттарынын башкаруучулугу жакынкы келечекте Иран менен өзөктүк келишимге жетишүү ыктымалы аз экенин жарыялады.

Америкалык Axios телеканалынын кабарына караганда, Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин Жакынкы Чыгыш координатору Бретт Макгурк аналитикалык борборлордун адистери менен жолугушуу өткөрдү.

МакГурк жолугушууда  Иран менен өзөктүк келишимге кайтуу боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш болбошунун себебин «Ирандын чечкинсиздиги» деп белгилеп, Тегеран башкаруучулугу келишимге жаңы беренелерди кошууну каалап жатканын жана АКШнын муну кылбай турганын айтты.

Жакынкы келечекте өзөктүк келишимге кайтуу “алыс бир ыктымал” экенин баса белгилеген Макгурк АКШ Иранга каршы санкцияларды жана дипломатиялык изоляцияны колдонууга даяр экенин белгиледи.

АКШ менен Ирандын ортосунда ортомчулар менен өткөн сүйлөшүүлөр акыркы жолу июнь айында Катарда өтүп, натыйжа чыккан эмес.

АКШнын президенти Жо Байден ушул айда Жакынкы Чыгышка жасаган сапары учурунда Ирандын чечим чыгарышын түбөлүккө күтпөй тургандарын айткан. 



Тектеш кабарлар