Орус учагы Идлибге кол салды

Орус учагынын Идлибдин Жудейде айылына абадан кол салуусунда 3 киши каза болуп, 4 киши жаракат алды.

1857945
Орус учагы Идлибге кол салды

Орусияга таандык согуштук учактын Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб облусунда христиандар жашаган Якубие жана Жудейда айылдарына абадан кол салуусунда бешөө бала 7 жаран каза болду.

Оппозициячыл учактар ​​обсерваториясынын билдирүүсүнө караганда, Түркия убактысы боюнча саат 05.36да Латакиядагы Хмеймим базасынан чыккан орус согуштук учагы Идлибдин батышындагы Якубие жана Жудейде айылдарына абадан кол салды.

Идлиб Жарандык коргонуу (Ак каскачандар) жооптууларынан алынган маалыматка караганда, орус учагынын Идлибдин Жудейде айылына абадан кол салуусунда бешөө бала 7 киши каза болуп, 13 киши жаракат алды.



Тектеш кабарлар