Боррель дан эмбаргосу боюнча маалымат берди

Жогорку өкүл ошондой эле Украинаны колдоону жана Орусияга каршы санкцияларды киргизүүнү токтотпой тургандарын маалымдады.

1856284
Боррель дан эмбаргосу боюнча маалымат берди

Евробиримдиктин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, ушул аптада Украинанын Одесса жана берки портторундагы бөгөттөрдүн алынып салынышы боюнча келишим түзүлөт деп үмүттөнгөнүн билдирди.

Боррель Бельгиянын борбор шаары Брюсселде, жайкы каникул алдындагы Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин акыркы жыйынынан мурда басма сөз өкүлдөрүнө маалымат берди.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын да сессияга катыша турганын жана дан эмбаргосу тууралуу маалымат берерин белгилеген Боррель, Түркияда ушул аптада боло турган сүйлөшүүлөр тууралуу суроого: «Одесса жана берки порттордогу блокадаларды жоюу боюнча макулдашууга жетишүү мүмкүн деп ойлойм. Он миңдеген адамдардын өмүрү ушул келишимге байланыштуу. Бул дипломатиялык оюн эмес, бул көптөгөн адамдар үчүн маанилүү маселе»,- деп жооп берди.

Боррель жыйында Евробиримдиктин Орусияга (24-февралда Украинага согуш жарыялаган) каршы учурдагы санкцияларынын күчтөндүрүлүшүн талкуулай турганын билдирди.

Жогорку өкүл ошондой эле Украинаны колдоону жана Орусияга каршы санкцияларды киргизүүнү токтотпой тургандарын маалымдады.



Тектеш кабарлар