Орусия Индиянын эң ири экинчи мунай камсыздоочусу болду

Энергияга болгон дүйнөлүк баалар өсүп жаткан маалда Индия энергетикалык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн орусиялык арзан мунай колдонууда.

1842804
Орусия Индиянын эң ири экинчи мунай камсыздоочусу болду

Орусия Индиянын эң ири экинчи мунай камсыздоочусу болду.

"The Times of India" гезитиндеги кабарга караганда, Индия май айында 25 миллион баррелге жакын орус мунайын сатып алган, бул бардык мунай импортунун 16 пайыздан ашыгына туура келет.

2021 жана 2022-жылдын биринчи чейрегинде өлкө сатып алган орус тектүү чийки мунайдын деңиз аркылуу ташылган жалпы импортундагы үлүшү 1 пайыздан төмөн болсо, апрель айында биринчи жолу 5 пайызга жетти.

Ирак өткөн айда Индиянын эң ири камсыздоочу позициясын сактап калса, Сауд Арабия Орусиядан артта калып үчүнчү орунду ээледи.

Дүйнөдөгү үчүнчү ири мунай импорттоочу Индия 24-февралда Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш башталгандан бери Орусиядан чийки мунай сатып алууну жактап келет.

Мунай министрлиги өткөн айда Орусиядан сатып алынган энергиянын Индиянын жалпы керектөөсүнө салыштырмалуу анча деле чоң эмес экенин жарыялаган.

Украина согушунан улам ар түрдүү санкцияларга дуушар болгон орус чийки мунайына кызыгуу азайды.

Энергияга болгон дүйнөлүк баалар өсүп жаткан маалда Индия энергетикалык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн орусиялык арзан мунай колдонууда. 

Өлкө орус мунайынын баррелине 30 долларга жакын арзандатуу менен сатып алат.



Тектеш кабарлар