Согуштун Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасири
Олаф Шольц: "Украина-Орусия согушу бүт дүйнө үчүн кесепеттери бар согуш".
![Согуштун Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасири](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/daff/92e5/4a69/62309fec822a8.jpg?time=1718943773)
Германиянын канцлери Олаф Шольц: "Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугунда маанилүү ролду ойногон Украина сыяктуу өлкөлөрдүн эми азык-түлүк жеткире албай турганы кооптондурууда. Бул ачкачылык коркунучун да алып келет",- деди.
Олаф Шольц өлкөсүнө иш сапары менен келген Аргентинанын президенти Альберто Фернандес менен жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйында: "Украина-Орусия согушу бүт дүйнө үчүн кесепеттери бар согуш",-деп айтты.
Согуштан улам азык-түлүк жеткирүү чынжырындагы үзгүлтүккө көңүл бурган Шольц : «Азыр энергия жана азык-түлүк баалары жогорулап жатат. Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугунда маанилүү роль ойногон Украина сыяктуу өлкөлөрдүн азык-түлүк жеткире албай калышы кооптондурууда. Бул ачкачылык коркунучун да алып келет»,-деди.
Аргентинанын президенти Альберто Фернандес болсо Латын Американын согуштун кесепеттеринен жапа чеккендигин билдирип: "Орусияга каршы санкциялар Орусияга эле эмес, бүткүл дүйнө жүзүнө таасирин тийгизет»,- деп айтты.
Альберто Фернандес согуштун азык-түлүк жана энергия баасын жогорулатканына көңүл буруп: "Бул НАТО менен Орусиянын же Украина менен Орусиянын ортосундагы маселе эмес. Бул дүйнө үчүн көйгөй. Согуш токтотулушу керек",-деп билдирди.