Сардиния аралын чегирткелер каптады
Чегирткеден эң көп Нуоро аймагы жабыркады.
Италиянын Сардиния аралына мурунку жылдарга караганда бир ай эрте жеткен чегирткелер эгиндерге чоң зыян келтирди.
Чегирткеден эң көп Нуоро аймагы жабыркап, бул жерде 25 миң гектардык жердин эгиндери зыянга учураганы жарыяланды.
Ошол эле жерди 2019, 2020 жана 2021-жылдары да чегирткелер каптаган.
Италиялык фермерлер ассоциациясы Колдиреттинин Нуоро бөлүмүнүн башчысы Леонардо Салис, чегирткелердин себебинен дыйкандардын айлап кылган эмгегинин текке кеткенин белгилеп, курт-кумурскаларга каршы күрөшүү үчүн 3 жылдан бери бийликке сунуш жана даттануулар менен кайрылгандарын айтты.
2021-жылы курт-кумурскалардан түшүмдөрү зыянга учураган дыйкандарга 2 миллион евролук компенсация бекитилгенден бир нече күн өткөндөн кийин жогоруда айтылган окуя болду.
Тектеш кабарлар
Грецияда Ковид - 19дан ооруканага жаткандардын саны өсүүдө
Акыркы төрт жумада ооруканага жаткырылгандардын орточо саны 166 болду.