Пентагон: "АКШ Украинага учактын тетиктерин, башка өлкөлөр да учак беришти"

Кирби күнүмдүк маалымат жыйында, Украинага курал жана жабдыктар жагынан колдоо көрсөтүүнү улантышарын айтты.

1814969
Пентагон: "АКШ Украинага учактын тетиктерин, башка өлкөлөр да учак беришти"

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы Жон Кирби, Украинага башка өлкөлөрдүн учак, өздөрүнүн болсо учактын тетиктерин бергендерин кабарлады.

Кирби күнүмдүк маалымат жыйында, Украинага курал жана жабдыктар жагынан колдоо көрсөтүүнү улантышарын айтты.

Украинанын көбүрөөк жана өнүккөн куралдарга карата талабы тууралуу суроолорго жооп берген Кирби: «Украиналыктар азыр эки апта мурункуга караганда көбүрөөк учакка ээ»,-деди.

Башка өлкөлөрдүн Украинага кошумча учактарды бердиби деген суроого Кирби мындай деп жооп берди: «Кеңири токтолбостон муну айта алам, башка элдер аларга кошумча платформаларды түзүштү. Ушундайча алар флотторун чоңойтушту. Өзгөчө чектелген платформа жана запастык бөлүктөргө да ээ болушту. Платформа деп учактарды айтып жатам. Башкача айтканда дагы көбүрөөк учак жана запастык тетиктерди алышты»,-деп айтты.

Кирби АКШнын учак бербегенин бирок учактын запастык бөлүктөрү менен камсыздап жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар