Путин-Аббас сүйлөшүүсү

Путиндин Аббас менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгиленди.

1814084
Путин-Аббас сүйлөшүүсү

Орусиянын президенти Владимир Путин Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен Палестина маселесин талкуулады.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин билдирүүсүндө, Путиндин Аббас менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгиленди.

Сүйлөшүүдө Палестина маселесинин талкуулангандыгы маалымлаган билдирүүдө: «Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу Жакынкы Чыгыш маселесин чечүү каралды. Мунун Палестина менен Израилдин ортосунда масштабдуу кагылышууларга айланып кетпесин деген үмүт ортого салынды. Жакынкы Чыгыш төртилтигинин (Орусия, АКШ, Евробиримдик, БУУ) карамагында Палестина жана Израилдин ортосундагы диалогдун кайрадан башталышынын маанилүүлүгү баса белгиленди.

Билдирүүдө Путиндин Аббаска Украина менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат бергени белгиленди.

Эки тараптуу карым-катнаштар да каралган сүйлөшүүдө Путиндин палестин элин Рамазан айы менен куттуктаганы кабарланды.



Тектеш кабарлар