Украина-Орусия согушунда жоготуулар

Украина-Орусия согушу уланып жатат.

1808147
Украина-Орусия согушунда жоготуулар

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Украинадагы беш күйүүчү май базасына абадан жана жерден жогорку тактыктагы ракеталар менен сокку урулганын билдирди.

Конашенков Украинадагы согушта орус аскер бөлүктөрүнүн кыймылдары тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Орус армиясынын эртең менен Украинадагы буталарга карата жогорку тактыктагы ракеталарды колдонгонун белгилеген Конашенков: «Радехов, Казатин, Просяная, Николаев жана Новомосковск конуштарынын жанындагы беш күйүүчү май базасы абадан жана жерден жогорку тактыктагы ракеталар менен атылды. Бул жерлерден Харьков, Николаев жана Донбасс облустарына Украинанын аскердик-техникалык унаалары үчүн күйүүчү май жеткирилчү»,- деди.

Бир түндө Украина армиясына таандык 24 аскерий объекттин жок кылынганын кабарлаган Конашенков: «Бүгүнкү күнгө чейин Украина армиясына тиешелүү 125 учак, 93 тик учак, 407 учкучсуз учуучу аппарат, 227 абадан коргонуу ракеталык системасы, 1981 танк жана бронетехника, 215 көп стволдуу ракета аткычтар, 854 пушка жана минометтор, 1882 атайын аскердик унаа жок кылынды»,-деп айтты.

Украинанын Башкы штабы да орус армиясынын 24-февралдан 6-апрелге чейинки жоготуулары тууралуу маалыматты жарыялады.

Буга ылайык, Украинага кол салган орус армиясынан 18 миң 600 аскер өлтүлүп, орустарга таандык 150 учак, 135 тик учак, 684 танк, 1861 бронетехника, 332 артиллерия, 107 ракета атуу системасы жана 55 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү ошондой эле 1324 унаа, 7 кеме жана ылдам жүрүүчү жеңил кайык, 76 күйүүчү май ташуучу унаа жана 96 учкучсуз учакты жоготту.



Тектеш кабарлар