Орусиянын Украинадагы жоготуулары жарыяланды

Украинанын Башкы штабы 24-февралдан 27-мартка чейин орус армиясынын жоготуулары тууралуу маалыматты жарыялады.

1802596
Орусиянын Украинадагы жоготуулары жарыяланды

Украинага кол салган орус армиясынын 16 миң 600 аскерин, 121 учагын, 127 тик учагын жана 582 танкасын жоготкондугу билдирилди.

Украинанын Башкы штабы 24-февралдан 27-мартка чейин орус армиясынын жоготуулары тууралуу маалыматты жарыялады.

Буга ылайык Украинага кол салган орус армиясынын 16 миң 600 аскери каза болуп, орустарга таандык 121 учак, 127 тик учак, 582 танк, 1664 бронетехника, 294 замбирек, 93 ракета атуу системасы жана 52 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү дагы 1144 унаа, 7 кеме жана ылдам жүрүүчү жеңил кайык, 73 күйүүчү май ташуучу унаа жана 56 учкучсуз учуучу аппаратын жоготту.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар