АКШ Түркияга ыраазычылык билдирди

Нед Прайс өткөргөн маалымат жыйында, Түркиянын согушту токтотуу кадамдарына жана Украинага көрсөткөн жардамдарына токтолду.

1799611
АКШ Түркияга ыраазычылык билдирди

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) да Орусиянын Украинага кол салууларынан кийин Түркиянын согушту токтотуу аракеттерине ыраазычылык билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс өткөргөн маалымат жыйында, Түркиянын согушту токтотуу кадамдарына жана Украинага көрсөткөн жардамдарына токтолду. 

Прайс: «Түркияга Украинанын эгемендигине, жеринин бүтүндүгүнө болгон колдоосуна жана Украинага кыйын учурда көрсөткөн жардам аракеттерине ыраазычылык билдиребиз»,-деди.

Катчы: "Мен мурда да айтып өткөндөй, бул дипломатиялык аракеттерге түрк союздаштарыбыздын да тереңден киришип жатканын билебиз",-деп билдирди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу. 



Тектеш кабарлар