Тунисте эгемендүүлүк күнүнө карата соттолгондор үчүн атайын мунапыстык берилди

Тунис 1956 - жылдын 20 - мартында Франциядан көз карандысыздыгын жарыялаган.

1798432
Тунисте эгемендүүлүк күнүнө карата соттолгондор үчүн атайын мунапыстык берилди

Тунисте эгемендүүлүк майрамынын алдында түрдүү кылмыштар менен соттолгон 1513 туткунга атайын мунапыс жарыяланды.

Тунистин президенттик аппаратынын социалдык медиа эсебинен берилген маалыматында : "Тунистин 20 - март эгемендүүлүк күнүнө карата 1513 туткунду камтыган өзгөчө мунапыс жарлыгына президент Кайс Саид кол койду»,-  деп билдирилди. 

Билдирүүдө мунапыска кирген 640 соттолгон киши эркиндикке чыгып, башка абактагылардын жаза мөөнөтү ар кандай өлчөмдө кыскартылганы айтылды.

Тунис 1956 - жылдын 20 - мартында Франциядан көз карандысыздыгын жарыялаган.



Тектеш кабарлар